Түркиянын Деңизли шаарында 50 күн жатып, каза болгон Ширин Бейшембекованын сөөгү 8-ноябрда Бишкекке алынып келди. Сөөктү Измир жана Стамбул аркылуу алып келүүгө Стамбулдагы Башкы консулдукка кыргызстандык бир катар жарандар көмөктөшкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди.
50 күндөн ашуун ооруканада эсине келбей жаткан 22 жаштагы Ширин Бейшембекова 4-ноябрда каза болгон. Кыздын өлүмүнө дарты өтүшүп, эки бөйрөгү иштебей калганы себеп болгону айтылган.
2017-жылы Түркиядан Кыргызстанга жети "жүк -200" жөнөтүлгөн.
Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 19 миңге жакын болсо, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар алда канча көп. Кыргызстандык эмгек мигранттары Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ZKo)