Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:55

Америкалык космос агенттиги NASA менен Uber такси кызматы Uber Elevate деп аталган учуучу таксини ишке киргизүү боюнча келишти.

Ага ылайык, NASA учуучу таксини көзөмөлдөп, анын шаар үстүндөгү аба мейкиндигинде аэропортторго тоскоолдук жаратпай учуусун камсыздайт. Uber болсо учуучу такси өндүрүшү менен өз алдынча алектенбейт. Компаниядан маалымдашкандай, учуучу такси учак чыгаруучу ишканалардын бири менен чогуу жасалат.

Uber Elevate учуучу таксини тестирлөө 2020-жылы башталат. Ал эми толугу менен 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада учурунда ишке киргизилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG