Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Франция соту Бакунун журналисттерге каршы жазган арызын карабайт


Элиз Люсе
Элиз Люсе

Франция соту Азербайжан өкмөтүнүн France Televisions телеканалына жана журналисттер Элиз Люсе менен Лоран Ришарга каршы жазган арызын кароодон баш тартты. Бул чет мамлекеттин бийлиги журналисттерге каршы доо арыз менен француз сотуна кайрылган алгачкы учур болуп калды.

Баку журналисттерди эки жыл мурда Франциянын экс-президенти Франсуа Олланддын Азербайжанга болгон сапары тууралуу репортажында айткандары үчүн айыптоодо. Алар теле жана радиоканалдын эфиринде Азербайжандагы режимди «диктатура», ал эми Илхам Алиевди «деспот» деп аташкан.

Соттун чечиминде ЖМК эркиндиги тууралуу мыйзам боюнча мамлекет жаранды же журналистти жалган жалаа жабууга айыптап сотко берүү укугуна ээ эмес экендиги белгиленген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 2017-жыл үчүн чыгарган сөз эркиндиги индексинде Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгашкан. Укук коргоочулар өлкөдө журналисттердин ишмердүүлүгү кыйла чектелгенин билдирип келишет. Өз кезегинде Баку цензура тууралуу айыптарды бир канча жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG