Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Бүгүн Бишкекке Евробиримдиктин өкүлү Федерика Могерини келет


Федерика Могерини
Федерика Могерини

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Бишкекке 9-ноябрда келип, жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн президенттин аппараты кабарлады.

Маалыматтарда ал президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушат.

Өткөн айда Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына жана уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могериниге берген эле.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Евробиримдик менен саясий макулдашууга үч жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң биринчи болуп былтыр Казакстан кол койгон.

Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими эки тараптын укук, мыйзам үстөмдүгү, энергия, билим берүү, илим-изилдөө өңдүү 29 багыт боюнча кызматташтыгын мурдагыдан да күчөткөн.(UE/ZKo)

XS
SM
MD
LG