Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Депутаттар өкмөттү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга чакырды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы ар кандай маселелер бөлүгүндөгү жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов эки күндө эле жол кырсыктарынан 20дай адам каза болгонун айтып, өкмөт бул жаатта кескин чара көрүшү керектигин билдирди:

- Жол белгилери бүгүнкү күндө жок экен. Өкмөт тез арада “Коопсуз шаар” долбоорун киргизиши керек. Биз долбоор боюнча артта калдык. Жол белгилерин коюп, сызыктарды сызыш керек.

Жамалдинов “Коопсуз шаардын” алкагында комплекстүү иштерди жүргүзүп, автоунааларды айдоочулардын өзүнө каттоо керектигин да кошумчалады.

Эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу да өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу парламентте маалымат бериши керектигин билдирди.

Буга чейин айрым депутаттар 2018-жылдагы республикалык бюджетте “Коопсуз шаар” программасына, жол коопсуздугун алдын алуу үчүн видеокамераларды орнотууга каражат каралбаганын айткан.

Кыргызстанда акыркы күндөрү адам өмүрүн алган чоң жол кырсыктары катталууда.

5-ноябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде ("Азия молл" соода борборуна жакын) эки автоунаанын кагылышынан беш киши каза болгон.

6-ноябрда Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жерде он кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталган.

Ошол эле күнү 21:00 чамасында "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жаткан жолдо БМВ үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги беш кишинин төртөө ошол жерде жан берген.

Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза таап, 6 798киши ар кандай жаракат алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG