Өткөн жумада Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуп келген Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Жанарбек Акаев жана Аида Касымалиева бүгүн парламент жыйынында мигранттардын маселесин козгоду.
Депутат Каныбек Иманалиев мигранттар пенсияга чыгуу үчүн документ топтоодо кыйынчылыкка кабылып, Кыргызстанга жөнөткөн каттарына үч жылдап жооп ала албай жатканын айтты. Ошондой эле Орусияга иштегени кеткендердин балдары Кыргызстанда паспорт алууда түйшүккө кабылып жатканын маалымдады:
- Алар деген Кыргызстандын жарандары, эмне үчүн балдарына паспорт берилбей жатат? Ошондой эле мектепти Орусиядан бүтүп келген бала Кыргызстанда жогорку окуу жайга тапшыра албайт экен. Бул маселени кыргыз тилинен же тарыхтан кошумча экзамен кылып чечип койсо болот да.
Депутаттар Жанарбек Акаев менен Аида Касымалиева мигранттардын 70 пайызы укуктук жардамга муктаж экенин, элчиликтеги консулдар жетиштүү жардам көрсөтө албай жатканын белгилешти.
Депутаттар тобу Орусиядагы мигранттар менен өткөн жумада жолугушуп, Москва, Ростов-на-Дону жана Краснодар шаарларында болушкан.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Кыргызстандын 750 миң жараны иштеп жүрсө, бейрасмий маалыматтарда миллионго чукул деп айтылат. (SDz)