Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Өкмөт: күйүүчү май кымбатташы мүмкүн


архив
архив

Кыргызстан Орусиядан тийиштүү көлөмдө күйүүчү майды темир жол аркылуу керектүү өлчөмдө алып келүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна билдирген Өнөр жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов бүгүн парламентте айрым депутаттар тарабынан айтылган сөздөрдү жокко чыгарды.

- Биз азыр "Кыргыз темир жолунан" расмий түрдө кагаздарды алдык. Бул жерде 19-октябрдан бери 40 миң тоннадан ашуун дизел майы жана 14 миң тонна бензин келгени тууралуу маалымат берди.

Мырзаканов мындан башка нефтетрейдерлерде өздөрүнүн запастары бар экенин кошумчалап, дагы да болсо жолдо кара май ташылып жатканын билдирди. Бирок өкмөт мүчөсү күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок жана ал майдын тартыштыгынан эмес дүйнөлүк баадан улам жогорулашы мүмкүндүгүн айтты.

Бүгүн "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов парламентте билдирүү жасап, 19-октябрдан бери өлкөгө бир дагы вагон май кирбей турганын айткан. Ушундан улам дизел майынын эки жумалык запасы калганын, жакын арада күйүүчү май кымбатташы мүмкүндүгүн айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG