Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Момбеков: Жолдо адам кырылып атса, министр генерал наамын алды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жол кырсыгынан каза болгондор тууралуу маалыматтар фронттон келген кабардай эле болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков айтып, Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды:

- Менин Ички иштер министрлигинин ишине ичим жылыбай жатат. Булар кылмышкерлер менен күрөшүп жатат же кылмышкерлер булар менен күрөшүп жатат. Ал эми реформадан такыр кабар жок, бирок генералдык наамды алып жатышат. “Коопсуз шаар” деген долбоору болсо, бюджетте акчасы жок “жоопсуз шаар” болуп калды.

Депутат Момбеков жол кырсыгы боюнча өлкөдөгү абалды парламент талкууга алып, өкмөттүк саат өткөрүшү керектигин сунуштады. Ал жол кырсыктары өскөнүнө карабай, жоопкерчиликти эч ким тартпай жатканын айтып нааразы болду.

Кыргызстанда акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда.

5-ноябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде ("Азия молл" соода борборуна жакын) эки автоунаанын кагылышынан беш киши каза болгон.

6-ноябрда болсо Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жерде он кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталган.

Ошол эле күнү 21:00 чамасында "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жаткан жолдо БМВ үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги беш кишинин төртөө ошол жерде жан берген.

Ал эми ИИМ 7-9-ноябрь күндөрү өлкө боюнча тогуз киши жол кырсыгынан каза болгонун маалымдады.

Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза таап, 6 798киши ар кандай жаракат алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG