Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Үлпөт тойдун катышуучуларына "бейбаштык" боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 8-ноябрдагы үйлөнүү тоюнун 15 чакты катышуучусуна кылмыш иши козголду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков билдиргендей, кечки саат 17:00дөр чамасында патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери калаадагы парктын алдында үйлөнүү тойго келген жарандарды тартипке чакырган.

Милициянын маалыматында 15 чакты бала бул талапка көнбөй, каршылык көрсөтүп, тартип коргоо кызматкерлеринин “Ниссан” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тепкилешип, материалдык зыян келтиришкен деп айтылат.

Бейбаштык кылгандарды тартипке салуу максатында кошумча күч тартылып, баары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Медициналык экспертиза алардын мас экенин аныктаган.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG