Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Бишкекте жер үстүндөгү өтмөк ачылды


Аламүдүн базарындагы өтмөк.
Аламүдүн базарындагы өтмөк.

Жүргүнчүлөр үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк Бишкектин Аламүдүн районундагы базардын жанында, Курманжан датка көчөсүндө ачылды. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, анын ачылышына шаар мэри Албек Ибраимов баштаган жетекчилер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты.

Өтмөктүн узундугу 33, туурасы үч, бийиктиги беш метрди түзөт жана он беш кишиге ылайыкташкан лифт, жарыктар менен камсыздалды.

Буга чейин базардын жанында жолдон өтүү элге кыйынчылык жаратып келген. Быйыл Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен 1131 жол кырсыгы катталса, 29 учурда адам өмүрү кыйылган. Бул учурлардын сегизи аталган базардын тушунда, азыр жер үстүнөн өтмөк орнотулган Курманжан датка көчөсүндө болгон. Ушу тапта Шабдан баатыр көчөсүндө, "Мадина" соода борборунун жанында да жер үстүнөн өтмөк курулуп жатат.

XS
SM
MD
LG