Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун чуркоо аянтчасы бүгүн түштөн кийин ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кооомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Султамбаев билдирди. Анын айтуусунда, стадиондо 30-октябрдан 8-ноябрга чейин футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо оюндары өткөн. Коопсуздук маселесинен улам тургундардын машыгуусу үчүн стадион убактылуу жабылган.
"Учурда мелдешти өткөрүү үчүн оюн талаасына орнотулган шаймандар толук алынып жатат. Түштөн кийин стадиондун чуркоо аянтчасы бардык каалоочулардун машыгуусу үчүн ачылат. Стадион күн сайын таңкы алтыдан кечки тогузга чейин ачык болот", - деди Султамбаев.
Буга чейин “Азаттыкка” шаар тургундары кайрылып, Д.Өмүрзаков атындагы стадион катардагы тургундардын машыгуусу үчүн ачылышы кечеңдеп жатканын билдиришкен эле. (ECh)