Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:06

Түптө чагылган тийип бир жигит каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 17 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Казакбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жигит Түп районунун Түп айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик айылынын 2000-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. "Чагылган бала минип бараткан аттын жалына түшкөн. Анда бала каза болуп, минип бараткан аты жана аны ээрчип бараткан ити да жан берген", - деди Казакбаев.

Буга чейин бул аймакта чагылгандан адамдар көз жумган фактылар болгон эмес. 7-ноябрда Түп районунда мөндүр аралаш катуу жамгыр жааган. (AsM)

XS
SM
MD
LG