Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

БУУ Йеменде ачарчылык болушу мүмкүн экенин эскертти


Йемендин картасы.
Йемендин картасы.

БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукоктун билдиргенине караганда, Сауд Аравия баштаган коалиция Йеменге кирүүчү портторго коюлган блокаданы албаса жарандык согуш жүрүп жаткан өлкө “дүйнө ондогон жылдардан бери көрө элек ири ачарчылыкка кабылышы мүмкүн”.

Коопсуздук кеңешиндеги жабык жыйындан кийин башкатчынын орун басары БУУнун менен гуманитардык уюмдардын Сана жана Аден шаарларына аба каттамдарын да тезинен калбына келтирүүгө чакырды.

Марк Лоукок ошондой эле порттор аркылуу Йеменди карай азык-түлүк, отун, дары-дармек токтоосуз өтүшүн калыбына келтирүүнү да талап кылды. Сауд Аравия баштаган сегиз өлкө үч жылдан берки жарандык согушта Йемендин өкмөтүн колдоп келет.

Алар Йемендин портторун блокадалоону ушул аптада хусит козголоңчулары Эр-Риядды карай баллистикалык ракета аткандан кийин күчөткөн.

4-ноябрда Йеменден Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту карай багытталган баллистикалык ракетаны сауд бийликтери бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдиришкен.

БУУнун маалыматына караганда, Саудия гуманитардык уюмдарга Йемендин деңиздеги портторунун баарын жаап, абадан да, кургактан да каттамдарды токтотконун күн мурунтан кабарлаган эмес.

Башкатчынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары эгер чукул чара көрүлбөсө “Йеменди 2011-жылы Сомалиде 250 миң адам кырылгандагыдан да ири ачарчылык күтүп турганын" эскертүүдө.

Сауд Аравия менен коңшу Йеменде 27, 5 миллиондой адам жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG