Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорду Мамлекеттик Думанын Транспорт жана курулуш комитети кароого киришти. Мындай маалымат Мамдуманын сайтында жарыяланды. Кыргызстандын жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен Орусияда иштөөгө тыюу салуу боюнча документти буга чейин орус парламентинин төрагасы карап, аталган комитетке өткөрүп бергени белгилүү болду.
Эгер комитет көпчүлүк добуш менен аны колдоп берсе, долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Долбоорду 27-октябрда Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынын депутаты Ярослав Нилов сунуштаган.
Кыргызстандык мигранттарга мындай чектөө киргизүү демилгеси президент Алмазбек Атамбаевдин Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна 7-8-ноябрда Ата-бабаларды жана советтик доордогу репрессия курмандыктарын эскерүү тууралуу жарлыгынан кийин көтөрүлө баштаган.
Орусияда мигранттарга чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө быйыл 1-июлда тыюу салынган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча мыйзам долбоорду Мамлекеттик Думанын 363 депутаты бир добуштан колдоп, натыйжада кайра уруксат берилген.
Расмий маалымат боюнча, Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык иштесе, алардын 20 пайыздан көбү жүк ташуу, коомдук транспорт жана такси кызматтарында эмгектенишет. (LzT/NT)