Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

НАТО Ооганстандагы аскерлерди көбөйтүү чечимин кабыл алары күтүлүүдө


НАТО коргоо министрлеринин жыйыны. Брюссель, 9-ноябрь, 2017-жыл.
НАТО коргоо министрлеринин жыйыны. Брюссель, 9-ноябрь, 2017-жыл.

НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери мындай чечимди бүгүн кабыл алары күтүлүп жатат.

Ушул жана башка маселелер каралган чечим Брюсселде кечээтен бери өтүп жатат.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Ооганстан боюнча күтүлүп жаткан чечим тууралуу кечээ Брюсселден буларды айтты:

- Коопсуздук кырдаалы (Ооганстанда) туруксуз бойдон калууда. Бирок ооган күчтөрү прогресс жасап, Талибандын стратегиялык максаттарына жол бербей жатат. Биз ооган күчтөрүн машыктыруу, жардам көргөзүү, кеңеш берүү жагынан эле эмес, каржылоо жагынан да колдоону улантабыз, согуштук миссияга кайтпайбыз. Биз НАТОнун машыктыруучуларынын санын 13 миңден келерки жылы 16 миңге көбөйтүүдөбүз. Оогандардын атайын операциялар боюнча күчтөрүн, аба күчтөрүн, аскерий академиялар менен мектептериндегилерди машыктырууга өзгөчө көңүл бурабыз,- деди НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг 8-ноябрда Брюсселден.

Ал АКШ өз тарабынан да Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүп жатканын кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын быйыл август айында жарыялаган. Сентябрда жаңы стратегиянын алкагында Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн саны 11 миңден дагы үч миңге көбөйөрү белгилүү болгон.

2014-жылга чейин АКШ жана анын өнөктөштүрүнүн Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашкан учурлар болгон.

Ошол жылдын соңунда НАТО Ооганстандагы согуштук миссиясын аяктагандан бери Талибан кыймылы кайра күч алып кетти.

Акыркы кездери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу кол салууларын көбөйтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG