Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Тиллерсон: Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү боюнча чечим жок


Путин жана Трамп Гамбургда жолуккан учур. 7-июль, 2017-жыл.
Путин жана Трамп Гамбургда жолуккан учур. 7-июль, 2017-жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул тууралуу Бээжинден билдирди. Анын айтымында, президент Дональд Трамптын Азиядагы экономикалык саммит учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен расмий сүйлөшүүсүн өткөрүү боюнча чечим жок.

Тиллерсон мындай сөздөрдү Путиндин кеңешчисинин бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин айтты.

Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков эки президенттин Азия Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АPEC) Вьетнамдагы саммитинде жолугары ушу тапта макулдашылганын, эки тараптуу сүйлөшүү 10-ноябрда өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кабарчылар менен Бээжиндеги маегинде Трамп-Путин кездешүүсү жетиштүү боло алабы деген маселе бардыгын да белгиледи.

Орусиянын Украинадагы аракеттери жана ал АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген аракеттерден улам Вашингтон-Москва алакасы азыр олуттуу бузулуп турат.

Эки лидер буга чейин көзмө-көз быйыл июлда Чоң Жетинин Германиядагы саммити учурунда гана жолуккан. Путин менен Азиядагы сапары учурунда кездешүүнү күтүп жатканын буга чейин 5-ноябрда президент Трамп өзү дагы билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG