Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Могерини президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини ушул тапта Бишкекте мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жабык жолугушууда.

Андан кийин жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушуусу күтүлүп жатат. Соңунда Федерика Могерини кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Урмат Кабылова журналисттерге билдирди. Азырынча жолугушуулардын мазмуну тууралуу сөз жок.

Өткөн айда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына жана уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могериниге берген эле.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Могерини Бишкектен соң Самаркандга барып, 10-ноябрда ЕБ-Борбор Азия министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Ал өзү Брюсселден жөнөп жатып, Борбор Азия ЕБ үчүн өтө маанилүү аймак экенин эске салды.

“Коопсуздуктан тартып, радикалдашууга жана экстремизмге каршы туруу, соодадан тарта жарандык коомду колдоого чейин ЕБ жана аймактын өлкөлөрү бекем өнөктөштөр. Биздин жылдык жыйындарыбыз өткөн жылы эмнелер жетишилгенин жана коопсуздукту чыңдоо, биздин аймактардын стабилдүүлүгү, жарандардын кызыкчылыгы үчүн алдыга жаңы күн тартипти кароого мүмкүндүк берет,- деп белгиледи. (UE/ZKo)

XS
SM
MD
LG