НАТОнун коргоо министрлери мындай чечимди бүгүн Брюсселдеги жыйынында кабыл алды:
"Биздин Чечкиндүү колдоо миссиябызда (Ооганстанда) азыр 39 мамлекеттен 13 миңдей жоокер бар. Союздаштар АКШнын Түштүк Азия стратегиясынын биздин миссияга таасири боюнча маалыматын кубаттайт. Бул АКШнын салымы көбөйүшүнө алып барды. Калган 27 өлкө дагы жакынкы айларда аскерлеринин санын көбөйтүүгө милдеттенме алышты. Демек Чечкиндүү колдоо миссиябыздагы жоокерлердин саны болжол менен азыркы 13 миңден 16 миңге көбөйөт", - деди НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг.
Ал НАТОнун АКШдан башка мамлекеттери Ооганстандын коргонуусу менен коопсуздугу үчүн бери дегенде 2020-жылга чейин жылына бир миллиард доллар бөлүүнү улантарын кошумчалады. Столтенберг белгилегендей, НАТОнун башкы миссиясы мурдагыдай эле ооган күчтөрүн машыктыруу болот.
АКШ администрациясы Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын быйыл август айында жарыялаган. Сентябрда жаңы стратегиянын алкагында Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн саны 11 миңден дагы үч миңге көбөйөрү айтылган.
Рейтер агенттигинин ысымы айтылбаган эки дипломатка шилтеме жасап жазганына караганда, Ооганстандагы аскерлерди көбөйтүү алкагында АКШ кошумча 2800дөй, НАТОнун калган мүчөлөрү 700дөй жоокер жөнөткөн жатат. Бирок Брюсселдеги жыйынга келген америкалык аскерий өкүлдөр бул көбөйтүүдөн кийин деле Ооганстанда НАТО аскерлеринин саны жетишсиз болорун айтышкан.
2014-жылга чейин АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашкан учурлар болгон. Ошол жылдын соңунда НАТО Ооганстандагы согуштук миссиясын аяктагандан бери "Талибан" кыймылы кайра күч алып кетти. Акыркы кездери кол салууларын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу дагы көбөйтүүдө. (UE)