Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Ижевскте көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан үч адамдын өмүрү кыйылды


Бир бөлүгү кыйраган үйдүн көрүнүшү. 9-ноябрь, 2017-жыл.
Бир бөлүгү кыйраган үйдүн көрүнүшү. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, жарылуудан улам тогуз кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшкөн.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Удмуртия боюнча башчысы Петр Фоминдин айтымында, кыйраган үйдүн урандылары алдынан алты адам табылып, алардын үчөө мерт болгону аныкталды.

Фомин урандыларды ар бир жарым саатта тыныгуу менен тазалоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү бийликтер жарылуунун ыктымал себеби катары жаратылыш газын аташууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, көп кабаттуу үйдүн кыйраган бөлүгүндө 16 батир болуп, аларда 99 киши жашаган. (UE)

XS
SM
MD
LG