Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Сөз эркиндигин колдоо боюнча жаңы долбоор ишке кирет


Бүгүн "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан “Медиалардын көз карандысыздыгын колдоо боюнча демилге” жаңы долбоору расмий ачылат. Media-K деген аталыштагы үч жылдык долбоор Кыргызстандагы көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоор жарандарга түрдүү жана ар тараптуу, коомдук кызыкчылыктарды чагылдырган, ошол эле убакта чечим кабыл алууга жардам берген маалыматтардын берилишин көздөйт.

Media-K долбоору Кыргызстандагы медиалардын кесипкөйлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын жогорулашына жардам берет.
Анын ичинде маалымат рыногуна өз өнүмдөрүн чыгарууга жана окурман-угармандарын көбөйтүүгө кызыктыруу, түрдүү булактардан кирешесин арттыруу, берүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында гранттар жана стипендиялар берилмекчи. Жылына бир жолу көз карандысыз ММКнын жана интернет-басылмалардын кесипкөй адистери тарабынан мастер-класстар, жармаңке ж.б. иш-чаралар уюштурулат.

Ошондой эле, Интерньюс ЖМКдагы инновация, телевидениеде жана онлайн контентте, журналистика жана жарнамада эң зор жетишкендикке ээ болгондорго Media Super Star Awards деген жаңы сыйлыгын бермекчи. Бул тууралуу "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттык" радиосуна маалымдашты.

Жаңы долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG