"Мектептерди бюджеттен жана бюджеттен тышкары каржылоо: ата-энелерден акча чогултуу зарылчылыкпы же коррупциябы?" деген аталыштагы талкуу Бишкектеги Булан институту тарабынан уюштурулууда. Аталган институт бул темада бир нече ай иликтөө жүргүзүп, баяндама жасаган. 10-ноябрда баяндаманын ачылышы талкууга салынарын инститтуттун медиа-координатору Назгүл Калмамбетова "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Ата-энелерден чогултулган каражат мыйзамдуубу, ал кандайча чогултулулат, эмнеге чогултулат? Мектептин кандай муктаждыгына керектелет? Мына ушул суроолор боюнча эки айдан ашуун убакыт иликтөө жүргүздүк.
Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, Коомдук кеңештин мүчөлөрү, Бишкек мэриясы, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги, мектеп директорлору, эксперттер жана ата-энелер катышат.
Бишкек шаарындагы №32 мектепте 9-класста окуган бала мектеп фонду талап кылынган акчаны бере албаганы үчүн классташтарынын көзүнчө класс жетекчисинен жана мектеп директорунан жеме угуп, натыйжада бир нече күн мектепке да, үйүнө да барбай жоголуп кеткен. Бул окуучунун окуясы ата-энелер менен коомчулукту бейпайга салган жең ичинен акча жыйноо көйгөйүнүн бетин ачкан.
Бул окуя боюнча Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, мектептеги акча чогултууларды текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну, №32 мектептин окуучусун ар кандай төлөмдөрдөн бошотууну талап кылган.
Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар. Алардын дээрлик бардыгында "Класстык фонд", "Мектеп фонду" же "Камкордук кеңешинин фонду" сыяктуу ата-энелерден акча чогултуучу фонддор бар.(ZKo)