10-ноябрда Бишкекте журналисттер Кыргыз википедиясынын өнүгүшү, жаралып жаткан ийгиликтер тууралуу кеңири маалымат ала алышат. Маалымат жыйынын уюштуруп жаткан "Биздин мурас" коомдук фондунун мүчөсү Кайрат Замирбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, жаңыдан ишке кирип жаткан WikiTranslate2017 долбоору тууралуу да айтылат:
- Кыргыз википедиясына макалалар кантип, качан кошулган, кандай долбоорлор болгон, мына ушулардын баары тууралуу айтабыз. Мындан тышкары Кыргыз Уикипедиясын 20 миң жаңы макала менен толуктап, макалалардын жалпы санын 80 миңге жеткирген WikiTranslate2017 долбоору тууралуу кенен маалымат беребиз.
Википедияга алгачкы кыргыз тилиндеги маалымат 2011-жылы жайгаштырылган. Окурмандардын саны ай сайын бир жарым миллионго чамалайт.
Кыргызстандык википедиячы Чоробек Сааданбеков дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 15 википедиячынын бири деп таанылган.(ZKo)