Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:53

Күндүн табы менен иштеген жылуулук борбору ишке кирди


Орто-Сай айылындагы күн батарейкалары. 9-ноябрь, 2017-жыл

"Бишкекжылуулукэнерго" жылуулук борборунун алкагында Орто-Сай айылында күндүн табы менен иштеген жылуулук борбору ишке кирди. Бул борбор калаадагы күн табы менен иштеген экинчи жылуулук борбору.

Орто-Сай айылындагы борбордо 1,4 кВт сааттык кубаттуулуктагы 120 панел орнотулган. Күн батарейкалары 2 гектар жерде 8 метр бийиктикте орнотулган. Панелдердин жогорку жылуулук температурасы 90-120 градуска чейин чыгат.

Мындай күн батарейкасын колдонуу жылына 761 миң сомдук 43, 5 миң м3 газды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек жылуулук борбору шаарды ысытуу үчүн жылына орто эсеп менен 1 миллион тонна көмүр керектейт. Анын 550 миң тоннасы жергиликтүү көмүр кенинен алынарын өкмөт маалымдаган. Мындан тышкары газ жана мазут да колдонулат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG