Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Кыргызстанда бензиндин баасы өсүүдө


Акыркы айда бензиндин баасы орто эсеп менен бир, бир жарым сомго кымбаттады. Мисалы, Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41-41,5 сомго чыкты. Ал эми Аи-92 — 39-40 сом, Аи-80 — 34-35, дизелдик күйүүчү май — 36-37,2 сомдон сатылууда.

Күйүүчү майдын кымбатташын Монополияга каршы күрөшүү агенттиги Орусиядан аз келип жатканы менен байланыштырган.

Энергетика, өнөр жай жана кен байлыкты иштетүү боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө күйүүчү майдын запасы жакынкы айларга жетишерлик экенин бекемдөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG