Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:34

Француз институту: Казакстанда же Орусияда радиация жылчыгы пайда болду


Радиация эсептөөчү прибор

Франциянын өзөктүк жана радиация коопсуздугу институту Европанын үстүндө радиактивдүү булут пайда болгонун аныктады. Адистердин айтуусунда, бул сентябрдын аяк ченинде Орусиянын же Казакстандын өзөктүк ишканасында радиация жылчыгы пайда болгонунан кабар берет. Азыр адамдардын ден соолугуна коркунуч жок, бирок жылчык пайда болгон учурда адамдарды бир нече миң чакырым аралыкка эвакуациялоо талап кылынмак дешет институттун кызматкерлери.

Метеорологиялык багыттарга таянган окумуштуулар радиактивдүү булуттар Урал тоолорунун түштүк жагынан пайда болушу ыктымалдыгын айтышууда. Орус бийликтери өзөктүк объектилеринде эч кандай жылчык жоктугун маалымдоодо. Бирок октябрдын орто ченинде Роспотребнадзор Свердловск жана Челябинск облустарында радиация деңгээлин текшерүүнү баштаган. Казакстан француз окумуштууларынын маалыматына жооп бере элек.

Химиялык рутений-106 изотобунун абадагы деңгээли көтөрүлүп кеткенин мурдараак Германия да кабарланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG