Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

RT телеканалы АКШда чет элдик агент катары катталат


RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян
RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян

АКШнын юстиция министрлиги орус бийлиги тарабынан каржыланган телеканалды чет элдик агент катары каттоо үчүн тиешелүү документтерди 13-ноябрга чейин берүүнү талап кылганын телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян билдирди. Мекеме өзү бул тууралуу маалымат бере элек.

Симоньян АКШ бийликтеринин талабын "басым кылуу" деп атап, сотко кайрыларын билдирди. Анын сөзү боюнча, маалымат каражатын чет элдик агент катары каттоо "демократиянын жана сөз эркиндигинин принциптерине туура келбейт".

АКШ Мамдепартаменти чет элдик агенттер тууралуу мыйзам Орусиядагыдан айырмаланып, маалыматтарга чектөө койбосун кабарлаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова келерки аптада америкалык маалымат каражаттарына да "тиешелүү чаралар" көрүлүүсү ыктымалдыгын билдирди. Мурдараак Федерация кеңешинде Орусиядагы чет элдик маалымат каражаттарынын, тагыраагы "Свобода" жана "Америка үнү" радиолорунун ишмердүүлүгүн чектөө маселеси каралган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент маалымдагандай, Russia Today өзүнүн программаларын АКШда санарип аркылуу таратат, ал эми "Свобода" радиосунда мындай мүмкүнчүлүк жок.

Ал "Свобода" радиосунун журналисттерин куугунтуктоо жана кол салуулар болгонун, алардын Орусиядагы каттоолору жокко чыгарылган учурлар болгонун белгилеп, ал эми АКШда орусиялык журналисттер эркин жүрүшөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG