Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Казакстанда жүздөгөн кайрылмандар көчөдө калуу коркунучунда


Мангыстау облусунун акимчилиги Актау шаарындагы адаптация жана интеграция борборунда жашаган жети кайрылманды коммуналдык карызы үчүн сотко берди. Жалпысынан жергиликтүү бийлик 142 үй-бүлөнү жоопкерчиликке тартууга ниеттенүүдө.

Сот жообуна Иран жана Өзбекстандан келген кайрылмандар тартылып жатат. Жатаканада жашагандардын коммуналдык кызматтар үчүн карызы 200 миң теңгеден жарым миллион теңгеге чейин жеткен. Кайрылмандар эгер жергиликтүү бийлик төлөмдөрдү убагында талап кылганда, мындай кырдаал жаралбастыгын айтышууда.

Сот имаратынын алдына чогулгандар мынча сумманы төлөөгө кудуреттери жетпей турганын билдирип, баш калкалоочу бөлөк жер жок болгондуктан, жатаканадан чыгышпасын билдиришти.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин 2013-жылдагы буйругуна ылайык, алар жатаканада эң көп алты ай – “кайрылман” макамы жоюлганга чейин тура алышат. “Социалдык жатакананын” юристи эгер алар бул жайды бошотушса, төлөмдөр талап кылынбай турганын айтты.

Кезектеги соттук жараян 17-ноябрда өтөт. Кайрылмандар үчүн 2010-жылы курулган адаптация жана интеграция борбору 200 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Ал жерде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү менен катар Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келген этникалык казактар жашайт.

XS
SM
MD
LG