Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

"Достук" ордени Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могериниге Еврошаркет менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуу учурунда билдирип, ыраазычылыгын келтирди:

- Сиз Кыргызстан менен Евробиримдиктин мамилесинин өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Эки тараптуу кызматташтыктын достук мамилеге жетүүсүнө салымыңыз бар, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ал эми Федерика Могерини Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Кыргызстанга келүү чоң сыймык экенин айтып, Евробиримдик Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы келишими боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ал Кыргызстанга 9-ноябрдын кечинде келип, президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолуккан.

Евробиримдиктин жогорку даражалуу чабарманынын азыркы сапары шаркетке мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына бергенден кийин болуп жатат.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Могерини Бишкектен соң Самаркандга барып, 10-ноябрда ЕБ-Борбор Азия министрлер кеңешинин жыйынына катышат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG