Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Зилалиев: Суу кодексин элден жашырып кабыл алуу оюбузда жок


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкектеги жыйын учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өкмөт Суу кодексин кеңири талкууга коюп жатканын жана аны жашыруун кабыл алуу ниети жоктугун билдирди. Анын айтымында, жарандык коомдо мөңгүлөр тууралуу эки башка ой-пикир болбошу үчүн, биргеликте Кумтөрдүн ишин барып көрүп келүү керек:

- Өкмөт барып-келгенди уюштурсун. Чогуу барып, көрүп келели. Андан кийин талкууну уланталы, - деген Зилалиев Кумтөргө сапар кийинки жуманын башында болушу мүмкүн деп кошумчалады.

Ушу тапта Бишкекте өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап жатышат. Айрым депутаттар жана жарандык активисттер өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырышууда.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. (SDz/NT)

XS
SM
MD
LG