Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Мунай ташуучулар бирлиги: бензиндин кору 30 күнгө жетет


Кыргызстандын Мунай ташуучулар бирлиги күйүүчү майга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бензиндин запасы 30, дизел 20 күнгө жетери айтылат. Ошол эле маалда аталган бирлик республиканы күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо аракети уланып жатканын белгилеген.

Маалыматтарга караганда, быйыл 10 ай ичинде Кыргызстанга 818,7 миң тонна мунай кирген, анын ичинен ар кайсы үлгүдөгү бензин 367,5 миң тоннаны, дизел 451,2 миң тоннаны түзөт.

9-ноябрга карата Мунай ташуучулар бирлигине мүчө компанияларда күйүүчү майдын орточо запасы 30 күнгө автоунааларды бензин, 20 күнгө дизел менен камсыздоого жетет.

Мындан тышкары 7-ноябрдан тартып Орусиядан Кыргызстанга бажы төлөмсүз бензин ташып келүү калыбына келди. Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Орусиянын Энергетика министрлиги менен дизелди бажы төлөмсүз өткөрүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

"Ошону менен бирге республикага мурда толтурулган документтердин негизинде мунай темир жол аркылуу кирип жатат. Мунай ташуучулар бирлиги өкмөткө маселени тез арада чечүү өтүнүчү менен кайрылды" деп жазылган билдирүүдө.

9-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Исхак Пирматов өлкөдө бир-эки аптага гана жетерлик күйүүчү май калганын билдирип, бийликти тезинен чара көрүүгө чакырган. Өкмөт жакынкы айларга жетиштүү көлөмдө күйүүчү май бар деген жооп кайтарып, баа кымбатташы мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан сатып алат. Ал темир жол менен Казакстандын аймагы аркылуу ташылып келет. 10-октябрдан бери Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүп, эки өлкө ортосундагы алака-катышты кыйындатты. (NT)

XS
SM
MD
LG