Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ак үй: Трамп менен Путин Вьетнамда расмий жолукпайт


АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен Вьетнамдагы 10-ноябрда өтүүчү Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саммитинде расмий жолугушуу өткөрбөйт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирип, кездешүү эки тараптын графиги туура келбегени үчүн болбой турганын кошумчалады.

Бирок Ак үй орус-америка лидерлери аймактагы жыйындардын биринде бейрасмий жолугуп калышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Орусиянын Украинадагы аракеттери жана ал АКШдагы былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген айыптоолордон улам Вашингтон-Москва алакасы азыр олуттуу солгундап кеткен.

Эки лидер буга чейин көзмө-көз быйыл июлда Чоң Жетинин Германиядагы саммити учурунда гана жолуккан.

XS
SM
MD
LG