Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Бишкекте жоголгон окуучу кыздар табыла элек


Изделип жаткан окуучулар.
Изделип жаткан окуучулар.

Бишкекте 9-ноябрдан бери дайыны чыкпай жаткан эки окуучу кыз табыла элек. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, башкалаадагы №28 мектепте окуган классташтар 13 жаштагы Сезим Тургуналиева менен 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы кечээ үйдөн чыгып, окууга кеткен боюнча дайынсыз кеткен. Телефондору да өчүрүлгөн. Мугалимдер экөөнүн тең мектепке келбегенин билдиришкен.

Күбөлөр аларды бейшембиде түшкү саат үчкө жакын Байтик баатыр көчөсүндөгү "Вефа" соода борборунан көргөнүн маалымдашкан.

Милиция жана жакындары кыздарды көрүп же байкап калгандарды (0704) 90-05-80, (0709) 68-10-19, (0772) 66-94-24, (0312) 56-60-43 же 102 телефондоруна чалып, кабарлап коюуну өтүнүп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG