Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Атасы уурдап кеткен үч бала Москвадан табылды


Гүлзат Шарипова балдары менен
Гүлзат Шарипова балдары менен

Москвада үч баланы апасынын уруксаты жок Москвага алып кеткен атасы Кайрат Сатаев кармалды. Балдар апасы Гүлзат Шарипова менен Кыргызстанга кайтышты. Бул тууралуу Москвадагы жарандык активист Бексултан Таиров "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жубайлар Гүлзат Шарипова менен Кайрат Сатаев 1-майда расмий ажырашкан. Сот чечими боюнча жети жаштагы Адеми, беш жаштагы Адилет жана эки жаштагы Султан апасында калган.

Бирок соттун чечимине макул болбогон Кайрат Сатаев июлдун башында Бишкектеги үйүнөн балдарды алып чыгып кетип, сентябрда Москвада жүргөнү белгилүү болгон. Гүлзат Шарипова балдардын чек арадан мыйзамсыз чыгарылганын айтып, милицияга арыз жазган.

Кайрат Сатаевге карата Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 353-беренеси (өзүмбилемдик) боюнча кылмыш иши козголгон. Орусияда дайынын билдирбей жүргөн Кайрат Сатаев Москванын Сокольники аймагында документ текшерүү маалында кармалган. (LzT)

XS
SM
MD
LG