Түркиянын Анталия шаарынын тургуну, 58 жаштагы Осман Шекер 8-ноябрда кыргызстандык аялынын үстүнөн полицияга арыз жазды. Ал жубайы бир жаштагы уулун Кыргызстанга алып качып кетти деп даттанганын "Азаттык" радиосуна билдирди.
- Түркияда келинчегимдин таежесинин кызы жашайт. Анын сегиз айлык баласы бар болчу. Көрсө анын документтери менен уруксат кагаз алып аэропорттон чыгарып кетиптир. Менин уруксатым жок жасалма документтер менен чыккандын өзү эле кылмыш болуп жатпайбы. Бүгүн эле SMS жазды. "Мени издебе" дептир. Мурун экономикалык абалым жакшы болчу. Азыр бир аз акчадан кыйналып калгам. Ошого таарындыбы, билбей турам. Бирок ал уулум менен кайра келсе тосуп алууга даярмын.
Осман Шекер менен кыргызстандык аял расмий нике менен эки жылдан бери жашап келишкен. Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна бул боюнча Түркия Ички иштер министрлигинен расмий билдирүү келген эмес.
Түркиянын мыйзамдары боюнча жашы жете элек баланы атанын же энесинин уруксаты жок чет өлкөгө алып чыккандар үч айдан бир жылга чейин абакка кесилет. (ElB)