Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:27

Сапар Исаков Патрулдук милицияны жоюу тууралуу токтомго кол койду


Патрулдук милиция кызматкерлери.

Кыргызстанда Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлдү.

Өкмөттөн «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков 9-ноябрда кол койду. Ал эми өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Исаков аталышы өзгөргөн мекемеде репутациясы булганбаган адистер иштейт деген ишенимин билдирди.

Патрулдук милиция башкармалыгы 2016-жылдын 1-апрелинде ишке киришип, Жол кайгуул жана МАИ кызматы ага бириктирилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG