Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

"Бир дүйнө" фестивалында баш байгени "Каратегинден кат" тасмасы алды


Жерге-Талдагы Жайылган айылындагы тарых мугалими Хамид Боронов.
Жерге-Талдагы Жайылган айылындагы тарых мугалими Хамид Боронов.

Журналист жана документалист Жаңыл Жусупжандын памирлик кыргыздар тууралуу тартылган "Каратегинден кат" аттуу даректүү тасмасы Бишкекте өткөн "Бир дүйнө Кыргызстан" кинофестивалында баш байгени алды.

"Азаттыктын" кабарчысы, режиссер Жаңыл Жусупжандын тажикстандык кыргыздар тууралуу “Каратегинден кат” деп аталган, мекенин жоготуу сезиминин ачуу даамы тууралуу даректүү тасмасында кыргыздардын турмушу менен режиссер өз башынан өткөргөндөрдү айкалыштыра баяндайт.

"Каратегинден кат" Прагада көрсөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Адам укугуна арналган даректүү тасмалар боюнча кинофестивал 6-ноябрда башталган. Бүгүн жыйынтыкталган фестивалда жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалга 40тан ашуун тасма келип түшкөн, алардын ичинен 17 тасма тандалып алынып, ар кайсы категориялар боюнча сыйланды.

Быйыл иш-чара 11-жолу уюштурулуп, "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураандын алдында өттү.

XS
SM
MD
LG