Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Мирзиёев регионалдык лидерлердин биримдигин түзүүнү сунуштады


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы регион жетекчилеринин ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Ал мындай демилгени Самаркандда жума күнү башталган "Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык" деп аталган эл аралык конференцияда көтөрдү.

"Учурда региондор аралык кызматташтыкка көбүрөөк маани берүү керек. Мындан улам Борбор Азиянын регион башчыларынын жана бизнес коомчулуктун ассоциациясын түзүүнү сунуштайм. Биз региондор менен түз диалог кылса, жыйынтык ачык эле көрүнөт",-деди Мирзиёев.

Ал Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өтүп жаткан жыйында ассоциация Борбор Азия региондорунун потенциалын көтөрөөрүн кошумчалады.

БУУнун эксперттеринин баамында Борбор Азия өлкөлөрү кызматташтыгын күчөтсө, аймактын ички дүң жыйымын 10 жыл ичинде эки эсе көбөйтсө болот.

XS
SM
MD
LG