Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Казакстандан эт-сүткө чектөө киргени тууралуу расмий кат келе элек


архив
архив

Казакстан Кыргызстандын эт, сүт, кондитердик жана башка азыктарына чектөө киргизгени тууралуу расмий маалымат бере элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

- Эгерде Казакстан кандайдыр бир чектөөлөрдү кабыл алса, анда реестрге кирген ишканалар туурасында дароо бизге маалымдама бериши керек. Анда “текшерүүнүн жыйынтыгы менен же лабораториялык текшерүүнүн аркасында талапка жооп бербеген көрсөткүчтөр аныкталды” деген өңдүү маалымат бериши керек. Азырынча мындай кабар келе элек.

Жумаканов учурда азык-түлүк продукциясын Казакстанга экспорттогон ишкерлерден да арыздануулар келе электигин кошумчалады. Ал Казакстан 10-октябрдан бери чек ара көзөмөлүн күчөткөнүнө карабай, Кыргызстандын сүт, эт жана башка азыктары чек арадан өтүп келгенин айтты.

Кечээ 10-ноябрда Казакстандын “Хабар” мамлекеттик телеканалы баштаган бир катар жергиликтүү басылмалары Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшинге шилтеме жасап, Казакстан Кыргызстандын сүт-эт ишканалары: «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский» жана “Эмилиянын" продукциясына чектөө киргизгенин жазышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы жыйынында каралып, анда кыргыз өкмөтү Казакстан “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатат деп билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG