Кошмо Штаттар менен Орусия Сириядагы согуштан кийинки абалды талкуулап, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу багынгандан кийинки кырдаалды күн тартибине койду.
Associated Press маалымдагандай Москва менен Вашингтон конфликттик абалды жоюу, согушка катышкандар арасында кыйноону басаңдатуу жана БУУнун ортомчулугунда тынч сүйлөшүүлөрдү калыптандыруу боюнча кадамдарды карап жатышат.
Маалыматта Орусия менен АКШ 2017-жылы Амманда түзүлгөн “мониторинг борборун” биргеликте иштетүүнү талкууга алышууда. Буга чейин Астанадагы сүйлөшүүлөрдө Орусия менен АКШ эки тараптуу консультацияларды өткөргөн. (SDz)