Орусиянын тергөө комитети Ижевсктеги көп кабаттуу үйдүн кожойкесинин баласы Александр Копытовго кылмыш ишин козгоду. Кечээ Копытов кармалып, сурак берди. Тергөө комитети ага карата соттук-психиатрдык экспертиза дайындала турганын кошумчалады.
9-ноябрда Ижевскте тогуз кабатуу үйдүн жарымы урап түшкөн. Андан 32 батир талкаланды. Алдын ала версиялар боюнча кырсыкка газдын жарылышы себеп болгон. Бул окуядан алты адам каза болуп, анын ичинде эки жашы жете элек бала бар.
Учурда үйдүн жашоочулары башка жерге көчүрүлдү. Алардын ичинен 14 адам убактылуу кароо пунктуна, калгандары туугандарыныкында жашап жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кырсыкта каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин маалымдады. (SDz)