Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

ТИМ: баласынын Кыргызстанда экенин айткан түркиялык жаран арыз жаза элек


Анталья, Түркия
Анталья, Түркия

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык аялына даттанган түркиялык жарандын билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Буга чейин 58 жаштагы Осман Шекер деген Түркиянын жараны 8-ноябрда жубайы бир жаштагы уулун Кыргызстанга алып качып кетти деп айтып чыккан.

Бирок кыргыз ТИМи бул маалымат түрк ЖМКларынан алынганын жана ал Осман Шекердин гана кызыкчылыгын коргоп, бир тараптуу жазылганын кабарлады. Министрлик ушул убакытка чейин баланын атасынан расмий да, өздүк да кайрылуу түшпөгөнүн айтууда.

Ушундан улам ТИМ түрк жаранынын кыргызстандык аялы Анара Т. баласы менен Кыргызстанда жүргөн же жүрбөгөнүн айта албасын билдирүүдө. Бирок расмий каналдар аркылуу кайрылуу түшсө, мыйзамдын негизинде арыз каралат деп кошумчалайт.

Осман Шекер кыргызстандык Анара аттуу аялы менен расмий никеде эки жылдан бери жашап келген. Ал бир жаштагы баласын аялы жасалма документтер менен Түркиядан чыгарып кеткенин айтып чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG