Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Трамп менен Путин Сирия боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койду


Дональд Трамп жана Владимир Путин Вьетнамдагы саммитте
Дональд Трамп жана Владимир Путин Вьетнамдагы саммитте

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы “Ислам мамлекети” террористтик тобу менен биргелешип күрөшүүнү арттыра берүүгө багытталган билдирүү менен чыгышты.

Бул биргелешкен билдирүүгө Вьетнамдагы Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын саммитинде кол коюлду.

Эки лидер Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдоого аларын билдиришти. Путин менен Трамп Сирия чатагы аскердик жол менен эмес, Женева процессинин алкагында чечилиши керектигине токтолушту. (SDz)

XS
SM
MD
LG