Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Орусия Ельциндин эстелигине өрт коюуга аракеттенген адамды депортациялайт

Игорь Щука - Беларус жараны, Орусиянын "Другая Россия" партиясынын мүчөсү
Игорь Щука - Беларус жараны, Орусиянын "Другая Россия" партиясынын мүчөсү

Екатеринбург шаардык соту Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин эстелигин өрттөөгө аракет кылган беларус жаранын айыпка тартып, депортациялоо чечимин чыгарды. 31 жаштагы беларус жараны 2 миң рубль айып да төлөйт.

Беларус ЖМКлары бул адам чуулгандуу жазуучу жана саясатчы Эдуард Лимонов жетектеген “Другая Россия” партиясынын мүчөсү Игорь Щука экенин жазып чыккан.

Щука 7-ноябрда камакка алынган. Ал коммунисттер Октябрь революциясынын 100 жылдыгын белгилеп жатканда, Ельциндин эстелигине бөтөлкөдөн күйүүчү затты ыргытып, өрттөөгө аракет кылган.

6-ноябрда “Другая Россия” партиясынын 23 мүчөсү Санкт-Петербургда капитализмге каршы акцияга чогулган учурда кармалган. Лимоновго таандык партия 2010-жылы түзүлгөнү менен расмий органдар тарабынан катталган эмес. Анын буга чейинки Улуттук-большевиктик партиясы мыйзамсыз деп таанылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG