13-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда көчкү жүрүп кар күрткүсү түшөрү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эртең 12-ноябрда өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн 1…+4, күндүз 12…17;
Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12;
Бишкекте жаан жаабайт, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температура күндүз 0...2, түнкүсүн 14...16.