Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Сокулукта курулуп жаткан үйдүн плитасы кулап бир адам каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-ноябрда кечки саат алты чамасында Сокулук районунда курулуп жаткан үйдүн плитасы кулаганын кабарлоодо. Маалым болгондой Новопавловка айылындагы Деповская көчөсүндөгү 28-үйдө автокран плита коюп жаткан кезде аркан үзүлүп кетип, плита кошуна үйдүн чатырына түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, бир аял каза болгон. Жабыркагандардын арасында бир жаштагы бала бар. Учурда алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылган. ӨКМ кошумчалагандай учурда тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG