Казакстандын борбору Астана шаарында Коргоо министрлиги, улуттук китепкана, Бейтерек өңдүү бир катар имараттар электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Астананын акими Асет Исекешев Фейсбук баракчасына жазып, буга электр тармагындагы авария таасир эткенин билдирди.
Акимдин айтуусунда “Керуен” жана “Изумрудный квартал” оюн-зоок борборлору да жарыксыз калган. Учурда шаардык адистер авария болгон жерде оңдоо иштерин жүргүзүп жатат деген Исекешев ыңгайсыздыктар үчүн жалпы шаардыктардан кечирим сурады.
Маалым болгондой электр жарыгы 11-ноябрда түшкү саат бирде өчкөн. Жарыкты калыбына келтирүү үчүн бир нече авариялык бригада иштөөдө. (SDz)