Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Мадрид Каталония тууралуу маалыматтардын бурмаланышын хакерлерден көрүүдө


Орусия жана Венесуэланын хакерлери Каталония менен Испания тууралуу маалыматтарды бурмалап жарыялоодо.

Бул тууралуу Испаниянын коргоо министри Мария Долорес де Коспедал маалымдаганын El Pais жарыялады.

Министрдин маалыматында, хакерлер жалган маалыматтарды жарыялап келген. Маселен, Каталониянын мектептеринде испан тили өтүлбөй калды деген өңдүү маалыматтар чыккан. Ошол эле учурда Коспедал орус бийлиги киберчабуулга тиешеси бар деп айткан жок.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү отурумунда Испания орус хакерлеринин Каталониядагы абалга кийлигишүүсү боюнча маселени алып чыкканы жатат.

Буга чейин La Vanguardia гезити эл аралык Anonymous тобунун хакерлери Испаниянын Конституциялык сотунун сайтын бузуп киргенин маалымдаган. Бул окуя Мадрид Каталония бийлигинен ыйгарым укуктарды алып салуу боюнча караган соттук отурумдун алдында болгон. Натыйжада хакерлер “Каталонияга боштондук” деген ураан менен кампания уюштурушкан.

Референдумдан кийин Испания бийлиги Каталонияга түз башкарууну киргизип, аймактагы өкмөт жана парламентти отставкага кетирген. Ал эми Испаниянын Конституциялык соту автономиянын көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны жараксыз деп чечим чыгарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG