Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Кушнер СNN каналынын 20 пайыз кызматкерин иштен кетирүүгө чакырды


Жаред Кушнер
Жаред Кушнер

АКШ президенти Дональд Трамптын улук кеңешчиси Жаред Кушнер Time Warner корпорациясынын жетекчилигине CNN каналынын кызматкерлеринин бир бөлүгүн жумуштан айдоого чакырды. Wall Street Journal кабарлагандай, бул чакырык көбүнесе 2016-жылы президенттик шайлоону чагылдырган кызматкерлерге тиешелүү.

Кушнер Time Warner корпорациясынын жетекчилеринин бири Гарри Гинсберг менен жолугуп, шайлоонун жыйынтыгына туура эмес анализ жасаганы үчүн телеканалдын 20 пайыз кызматкерин кетирүү сунушун киргизген болушу мүмкүн.

Wall Street Journal басылмасына комментарий берген Ак үй, Кушнер бул сөздөр аркылуу CNN каналындагы абалды жайгаруу үчүн өз көз карашын билдиргенин айткан. Бирок карамагына CNN каналы кирген Time Warner президенттин кеңешчисинин сөзү тынчсызданууну жаратканын билдирүүдө.

АКШдагы шайлоо алдында жана шайлоодон кийин CNN журналисттери президент Трамптын Кремл менен байланышы бар экенин бир далай айтып чыккан. Трамп өз кезегинде телеканалды жалган маалымат таратканы үчүн айыптаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG