Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Өкмөт башчы эл аралык уюмдар менен Digital CASA долбоорун талкуулады


Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы башчысы Болорма Амгаабазар жана Эл аралык финансы корпорациясынын өлкөдөгү жетекчиси Мартин Негеле менен жолугуп, Digital CASA долбоорун биргелешип ишке ашырууну талкуулады.

Жолугушууда Исаков Кыргызстанда «Таза коом» долбоору үчүн интернет тармагынын наркын төмөндөтүү жана анын ылдамдыгын жогорулатуу зарыл болуп турганын айтты. Аны ишке ашырууда Digital CASA «Таза коом» долбоорунун пайдубалы болоруна ишеничин билдирди. ​

Болорма Амгаабазар маалымдагандай, Digital CASA долбоору өлкөлөрдүн континенттер аралык интернет инфраструктурага кошулуусун шарттайт, ошондой эле Европа жана Азия ортосундагы эл аралык байланыштыруучу транзиттик хаб катарында иштөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт башчы ишке ашырылып жаткан долбоорлорду улантуу максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга Дүйнөлүк Банк өкүлдөрү менен биргеликте Digital CASA долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын даярдоону тапшырды.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун быйыл апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (SDz)

XS
SM
MD
LG