Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

ЦРУ: Орусиянын шайлоого кийлигишкени боюнча көз караш өзгөргөн жок


Иллюстрация.
Иллюстрация.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы - ЦРУ Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу маалыматты тастыктады.

АКШ президенти Дональд Трамп Вьетнамдагы сапары учурунда журналисттерге Владимир Путиндин 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусия кийлигишкен эмес деген сөзүнө ишене турганын айткан.

Трамп Кремл 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө аралашпаганын, эки лидер биргеликте проблемаларды жайгарууга жол табарын белгилеген. Ал Азия сапары учурунда учакта журналисттер менен баарлашып, орус лидери АКШнын атайын кызматы айыптап жаткан иштерди кылбаганын кайталаган.

Ал арада “Америка добушу” Чалгындоо кызматынын расмий өкүлүнүн “Орусиянын шайлоого кийлигишкени боюнча көз караш өзгөрбөгөнүн” айтканын маалымдады.

Ишемби күнү АКШ конгрессинин чалгындоо комитетинин өкүлү Адам Шифф президент Трампты сындап, “Ак үй башчысы эч кимди алдай албайт” деген эле.

“Трамп орустардын шайлоого аралашканын билип турат. Алар электрондук почталардан маалыматтарды алып чыгып, талапкердин бирин каралоо максатында кайра-кайра колдонгон” – деп айтылат Шиффтин билдирүүсүндө. (SDz)

XS
SM
MD
LG